ДССУ маймыл чечегинин жайылып жатканына тынчсызданууда

ДССУ маймыл чечегинин жайылып жатканына тынчсызданууда

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин канчалык кооптуу экенине баалоо жүргүзөт. Бул үчүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин жыйыны өткөрүлөт. Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус инфекциянын деңгээли тынчсызданууну жаратып жатканын айтты. Бүгүнкү күндө ал дүйнөнүн 39 өлкөсүндө катталды. Жалпысынан маймыл чечегине 1600 адам чалдыгып, 72 бейтап каза болду.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССУнун башчысы:

- Маймыл чечегинин өтө тез өрчүп баратканы тынчсыздандырып жатат.  Оору мурда катталбаган өлкөлөрдө жайылууда. Ошондой эле, вирустун мурункуга караганда өзгөргөнү байкалат. Андыктан келерки аптада чукул кырдаал боюнча комитеттин жыйыны болот.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков