Өлкөдө өз эрки менен вакцина алуучулардын катары артып келет. Мисалы, дем алыш күндөрү Актау шаарындагы эмдөө борборлорунда узун кезектер пайда болду. Шаардык оорукана жетекчилигинин айтымында, бул жерде 3 эмдөө бөлмөсү бар. Кошумча дагы эки бөлмө даярдалган. Дарыгерлер тургундарга шаардын каалаган клиникасына кайрылып, узун кезекке турбоо үчүн керектүү вакцинаны алууга кеңеш кылышат. Белгилей кетсек, Мангыстау облусу боюнча 38 эмдөө бөлмөсү жана 14 мобилдик бригада даярдалган.
Нурбол Конжар, Маңгыстау облусттук Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы
- Вакцинаны өз ыктыяры менен алууга келген чоң кишилер, жанында жүргөн балдар жана кыздар бар. Кээ бирөөлөр кеңеш алуу үчүн келишкен.
Ушундай эле абал Батыш Казакстан облусунда да орун алууда. Бүгүнкү күндө облус боюнча 360 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Азыр калктын үчтөн биринен көбү вакцина алууга жетишкен. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, бул эпидемияны вакцина гана токтото алат. Мисалы, Бокей Ордо районунда калктын 40 пайызы эмделген.
Сания Харесова, эпидемиолог-дарыгер:
- Калктын 40% вакцинацияланды. Бизде аны 8203кө жеткирүү мерчемибиз бар. Биринчи компонент менен 3301 адам, ал эми экинчи компонент менен 2606 адам эмделген. Учурда спутниктин биринчи компонентинин 500, экинчи компоненттин 865 даанаасы резервде турат. Ал эми Kazvak вакцинасынын биринчи компонентинин 30 дозасы күтүлүүдө. Район боюнча 8 эмдөө бөлмөсү уюштурулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков