Кыргызстан QazVac вакцинасын колдонууга даяр. Бүгүнкү күндө препаратты колдонууга киргизүү үчүн кыргыз дарыгерлери көз карандысыз комитеттин көрсөтмөсүн күтүп жатышат. Казакстанда чыгарылган вакцинанын 25 миң даанасы жардам иретинде жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги аны тезирээк колдонууга кызыктар. Анткени, жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек.
Гүлбара Ишенапысова, Республикалык иммунопрофилактика борборунун мүдүрү
- Биздин дары-дармектер департаменти бардык сунушталган документтерди карап жатат жана жетишпей жаткан документтерди толуктадык. Бул вакцинаны серепчилердин көз карандысыз комитети дагы карап жатат. Тиешелүү көрсөтмөлөрдү алгандан кийин дароо колдоно баштайбыз.
Буга чейин Кыргызстанга Sputnik V, Европанын AstraZeneсa жана Кытайдын Sinopharm компанияларынан вакциналар жеткирилген. Өлкөнүн бардык аймактарында орусиялык жана кытайлык препарттар колдонулууда. Эң кеңири таралган жана жеткиликтүү препарат Sinopharm. Ал тургай аны аэропортко учуп келгенде да сайдырууга болот.
Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо социалдык өнүктүрүү министри:
- Кээ бир райондор республикалык орточо көрсөткүчтөн артта калышты. Вакцинация боюнча маалыматтык колдоону күчөтүшүбүз керек. Эгерде биз бул ишти токтотсок, эмдөө тууралуу ар кандай жалган маалыматтар тарай баштайт. Ал эми бул биздин улуттук эмдөө кампаниябызга тоскоолдук жаратат.
Белгилей кетсек, өлкөдө массалык эмдөө башталгандан бери 586 миң адам вакцина алган. Бул вакцинаны алган милдеттүү калктын төрттөн бир бөлүгү. Эмдөөгө өлкөнүн түштүк аймагынын тургундары өзгөчө жигердүү катышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков