Хоргос кургак портунда он тилке жана вагондорду ремонттоочу жол
салынат. Курулуш иштерин 2024-жылы
бүтүрүү пландалууда. Долбоор терминалдын кайра иштетүү кубаттуулугун бир жарым
эсеге жогорулатууга, товарларды жеткирүүнү тездетүүгө жана эл аралык сооданын
жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Казакстан менен Кытай Эл Республикасы
чек арасындагы кургак портто жылына 540 миң 20 фут контейнер иштетилет. Жаңыдан
салына турган 10 жол ташуу интенсивдүүлүгүн 800 миңге чейин жогорулатат. Эске
сала кетсек, Хоргос Борбор Азиядагы эң ири кургак порт болуп саналат. Кытайдан
Казакстанга, Европа Биримдигине, Перс булуңуна жана Каспий аймагына жүктөрдү
ташуу, сактоо жана жүктөө чөйрөсүндө кызматтардын толук спектрин көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков