Казакстанда пахта кластери түзүлөт. Бул жаатта айта кетчү жагдай, Түркестан региону өлкөдөгү жалгыз пахта өстүргөн жалгыз аймак. Жалпы наркы 200 миллиард теңге деп бааланган инвестициялык долбоорду кытайлык компания ишке ашырууну көздөп жатат. Кластер толук өндүрүш циклин камтыйт. Башкача айтканда, була өсүмдүгүн кыйыштыруудан баштап, даяр текстиль өнүмдөрүн чыгарат. Долбоордун алкагында 10 завод куруу мерчемделген. Анын 4 пахта иштетсе, дагы ошончо текстиль фабрикаларын куруу көздөлүп жатат. Ошондой эле, эки ишканалар тамчылатып сугаруу системасын иштеп чыгат. Бул заманбап өндүрүш борборлору жергиликтүү дыйкандардын иштерине чоң жардам берет. Башкача айтканда, чийки зат даяр өнүмгө айланат жана дыйкандардын эмгеги акталат.
Алибек Плалов, Түркестан облусттук айыл чарба башкармасы башчысынын орун басары:
- Учурда бул аянтка 32 миң гектар жерге быйылкы жылы пахта эгүү пландалууда. Толук жана жаңы технологияларды колдонуу аркылуу сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен пахта эгилет. Бул өткөн жылы колго алынып, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

