Бул үчүн унаа ээси арызын, өздүк аныктама, паспортун же унаанын каттоо күбөлүгүн, ошондой эле менчик укугун тастыктаган документти тапшырышы керек. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматынын брифингинде Ички иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Адистердин айтымында, каттоого 2022-жылдын аяк оона айынын 1не чейин алынып келинген унаалар кирет. Бул унаалар утилдик салык төлөөдөн да бошотулат. Унаа ээлери 200 миң тенге өлчөмүндө бир жолку акыны төлөшөт. Ошондой эле менчик ээлери каттоо күбөлүгү жана номур үчүн мамлекеттик бажы салыгын төлөшү керек. Мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2023-жылдын теке айынын 1де аяктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков