Казакстанда эл аралык стандартка жооп берген жолдор көбөйөт

Казакстанда эл аралык стандартка жооп берген жолдор көбөйөт

Быйыл өлкөдө 9,5 миң чакырым жол курулуш иштери менен камсыздалат. Алардын 6 жарым миңи республикалык, 3,7 миң чакырымы кайрадан реконструкцияланса, 2,8 миң чакырымын оңдоо мерчемделген. 2022-жылы жолдордун узундугу былтыркыга караганда үч эсеге көп болот. Натыйжада биринчи жана экинчи категориядагы жолдордун үлүшү 40%дан ашат. Башкача айтканда, сапаты боюнча эл аралык талаптарга жооп берет. Жалпысынан бүгүнкү күндө республикалык тармактын 90%, ички жолдордун 80%ы нормага келтирилген. Транспорттук байланыштарды жакшыртуу менен бирге жол тейлөөнүн сапаты жогорулап жатат. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин тейлөө объектилеринин 74%ы Улуттук стандартка ылайык келтирилет.

Габит Шымырбаев, Казакстандын ИИДМ Унаа жолдору комитетинин башкарма башчысы

- 3900 километрдин 1600 километринде жол кыймылын ачабыз. Бул — Талдыкорган — Өскеменге бара турган багыттагы жол, муну менен катар, Актөбеден Атырау жана Астраханга бара турган жолдор, ошондой эле, Карагандыдан Балхашка, Балхаштан Алматыга чыгып кете турган жол. Мындай багыттар боюнча жолдордун бардыгы кайрадан реконструкцияланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков