Быйыл 7 миллиондон ашык турист Казакстандын кооз жерлерин жана жаратылышынын кооздугун көрө алат. Өлкөнүн бардык аймактарында беш чоң каттам бар. Ар бир тур 5-6 күнгө эсептелген. Жалпысынан беш долбоор иштелип жатат. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, туристтердин үчтөн бири Алматы шаары жана бул облусту тандайт. Биринчи кезекте аларды Иле-Алатау жана Жунгар-Алатау парктары, Көлсай көлдөрү, Алтын-Эмел, Шарын улуттук парктары кызыктырат. Тизмеде Балхаш жана Алакөл көлдөрү да бар. Ошондуктан бул жерлердин инженердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө негизги көңүл бурулууда.
Жанар Алшынбаева, Алматы облусунун туризм башкармалыгынын башчысы:
- Кеген, Райымбек райондорунда чындап эле кооз жерлер көп. Биз азыр приоритеттүү туристтик аймактар менен алектенип жатабыз, ал жерге Хантеңиринин тегерегиндеги аймакты киргиздик.
Эске салсак, Kids go free программасы Казакстанда үчтүн айынын 1нен тарта иштей баштаган. Долбоор өлкөдө эс алып жүргөн балдарга авиа билеттерди акысыз алууга мүмкүнчүлүк берет. Быйыл бул программанын алкагында 20 миң бала бекер саякатка чыга алат. Алардын авиабилеттери мамлекет тарабынан субсидияланат.
Даниел Сержанулы, Казак туризм улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү:
- Балдарды акысыз экскурсияга алып баруучу Kids Go Free программасы ушул жылдын башында башталган. Бул жаңы киргизилген программа болгондуктан, биз биринчи 17 тур-операторду кошуп жана биринчи арыздарды иштеп жатабыз. Азыркы кезге чейин 30дан ашык арыз келип түшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков