Тиешелүү келишимге эки тараптын өкмөттөрү кол коюшту. Документ эки өлкөнүн жарандарына бири-биринин мамлекеттерине визасыз барып, 30 күн жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда тараптар түз авиакаттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бүгүнкү күндө аталган республикага Алматы жана Астанадан төрт гана түз аба каттамдары бар. Өз кезегинде вьетнамдык лоукостер республиканын башка шаарларын да камтыган учуу диапазонун кеңейтүүнү пландаштырууда. Белгилей кетсек, Вьетнам дагы жылына 50 миң, ал тургай 80 миң туристти кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Ерлан Байжанов, Казакстандын Вьетнамдагы элчиси:
- Вьетнам - бай маданий салттары жана терең тарыхы бар өлкө. Бул жерде көрө турган көп нерсе бар. Түрдүү тамак-аштарга, деңиз азыктарына, жемиштерге бай жана арзан соода. Мунун баары эс алуунун сапатын жакшыртат. Ошондой эле заманбап туристтик инфраструктура өнүккөн.
Серепчилердин айтымында, визасыз режим Казакстан менен Вьетнамдын соода-экономикалык кызматташтыгын арттырууга өбөлгө түзөт.
Ерсултан Жансейитов, саясат таануучу/Астана:
- Вьетнам АСЕАНга, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин биримдигине мүчө. Бул таза экономикалык биримдик. Ал эми азыркы учурда дүйнөлүк тенденциялар, технологиялар жана капитал эски дүйнөдөн, Европадан же Америкадан Азияга агып жатканын көрүп жатабыз. Биринчиден, Кытай Эл Республикасына андан кийин Сингапур, Индонезия, Малайзия жана Вьетнамды камтыган АСЕАН өлкөлөрүнө. Бул Казакстанга эң тез өнүгүп жаткан аймакка чыгуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Хоанг Ван Нгия, Хо Ши Мин атындагы улуттук саясат академиясынын саясат таануучусу/Вьетнам:
- Учурдагы дүйнөлүк чакырыктар шартында Казакстан менен Вьетнамдын ортосундагы, жалпысынан биздин аймактардын ортосундагы мамилелерди чыңдоо өзгөчө мааниге ээ. Бул биринчи кезекте коопсуздук жана биргелешкен экономикалык өсүү маселелери. Казакстан Вьетнам үчүн гана эмес, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы үчүн да Борбор Азия рыногуна чыгууга дарбаза болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков