Быйылкы жылы республиканын бир катар мектептеринде шахмат факультативдик сабак катары окутула баштады. Азырынча демилге төмөнкү муундагы окуучуларды гана камтыйт. Атайын окуу китептери, методикалык куралдар иштелип чыгып, мугалимдерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми жакынкы келечекте план боюнча мындай сабактар Казакстандын билим берүү системасына массалык түрдө киргизилип, милдеттүү сабактардын санын толуктайт. Ата мекендик демилге менен жергиликтүү адистер жана ФИДЕнин өкүлдөрү, шахмат боюнча эл аралык гроссмейстерлер таанышып, долбоорго жогорку бааларын беришти. Чет элдик адистер бул жаатта өз ойлорун, тажрыйбалары менен бөлүшүп, кесипкөй кеңештерин ортого салышты. Бул багытты өнүктүрүүдө өлкөнүн чоң дарамети бар экени айтылууда. Буга учурда Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионаты бирден-бир далил боло алат.
Дана Рейзниеце-Озола, FIDE эл аралык шахмат федерациясы башкарма төрагасынын орун басары/Латвия/:
- Биз үчүн эң негизгиси билим берүү тармагында шахматтын бир нече түрү бар экенин элге түшүндүрүү. Келечектеги чемпиондорду тарбиялоо үчүн эле оюндун сырын үйрөтүү аздык кылат. Жалпысынан шахматтын окуу жараяны үчүн мүмкүнчүлүктөрү жана мейкиндиги кеңири. Ал аркылуу балдарды математика боюнча программалоо жана дене тарбиясын көнүктүрүүгө болот. Анын бир нече натыйжалуу ыкмалары бар. Ошентип, шахмат мугалимдин колунда эффективдүү окуу куралына айланышы мүмкүн.
Владимир Барский, Шахмат предметтеринин автору, журналист жана машыктыруучу /Орусия/:
- Биздин программа абдан кеңири. Анын ичинде шахмат боюнча сабактарды өтүүчү мугалимдер үчүн комплекстүү окуу программасы камтылган. Ал мектеп окуучуларынын арасында шахматты өнүктүрүү үчүн түрдүү мелдештерди уюштурууну көздөйт. Биринчиден, шахмат интеллектуалдык жөндөмүн өстүрөт. Балдардын ой жүгүртүүсү өнүгөт. Чечим кабыл алуудан мурда ойлонуу менен гана иш-аракет кылууга үйрөнөт. Ал өз ишине жоопкерчиликтүү болот. Эрежелерден тургандыктан, кичинесинен тартипке көнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков