Ата мекендик архив кызматкерлери Казак хандыгы жана Алаш ишмерлери тууралуу ушул убакка чейин көпчүлүккө белгисиз болгон тарыхый документтерди чет элдик архивдерден мекенге алып келишти. Баалуу кагаздар дүйнөнүн 14 мамлекетинде сакталган. Анда хандардын каттары жана байыркы карталары бар. Окумуштуулар ушул күнгө чейин тарыхый окуу китептеринде кездешпеген жана изилдөөлөрдө айтылбаган 7 миңден ашык документ менен алектенип жатышат. Алардын арасында 918-жылы Темир хандын Сойбек ханга байыркы чагатай тилинде жазган каты да бар. Анда казак жеринин бийи Бурындык менен тил табышканы тууралуу да айтылат. Бирок баалуу кагаз толугу менен чечмеленген эмес. Адистердин айтымында, маалыматтар толук которулган кезде тарых жаңы маалыматтар менен толукталышы мүмкүн.
Сагила Нурланова, Казакстан улуттук архивинин мүдүрү:
- Иш 2025-жылга чейин уланат. Биздин архивчилер азыр да чет элдик бардык архивдерге ушундай экспедицияларды жасашат. Эми алдыдагы убакытта аны тарыхчылар менен биргеликте изилдөө керек.
Өлкөгө кайтарылган баалуу кагаздардын арасында Кене хан тууралуу да маалыматтар бар. Ал тургай ошол кездеги казак талаасынын картасы да табылган. Ошондой эле фондго “Өтө жашыруун” деген белги коюлган документтер да алынып келинди. Алардын бири 1927-жылы Сталинге Алихан Бөкейханов тууралуу маалымат менен жазылган кат. Анда Улут көсөмүнүн казак жерине келишине толук тыюу салуу керек деген сунуш айтылган. Мындан тышкары, талаштуу тарыхый окуяларды күбөлөндүргөн далилдер көп.
Игорь Прохоров, тарыхчы:
- 18-кылымда Лондондо басылып чыккан карта бар. Мында казак жериндеги биз билбеген шаарларды таптык. Эми аларды издөө гана калды. Совет бийлигинин тушунда жоголгон документтердин айрымдары Венгрияда жана Чехияда сакталып калган. Мисалы, 17-кылымдагы казак талаасынын мыйзамы Санкт-Петербургдан табылды. Ал учурдагы Кылмыш-жаза кодекси менен барабар.
Тарыхчылар менен архивчилердин экспедициясы документтерди издөөнү мындан ары да улантат. Алдыда Өзбекстандагы фондду карап чыгуу планда бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков