Казакстанда Атом аттуу беш адам жашайт

Казакстанда Атом аттуу беш адам жашайт

Казакстанда Атом аттуу 5 адам бар экени аныкталды. Алардын эң кичүүсү 3 жашта, эң улуусу 66 жашта. Өзгөчө ысымдуу тургундар Акмола, Костанай, Алматы облустарынын жана Астана шаарынын тургундары болуп чыкты. Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, өлкөдө Атом аттуу 5 адамдан башка 2 Атомжан, 6 Атомбек, 2 АтомВек жана 1 Атомтай бар. Эң кызыгы, бул адамдардын көбү улуу муундагылар.

Жазира Марат кызы, улуттук статистика бюросунун басма сөз катчысы:

- Дагы бир кызык жагдай, бул жарандардын жаш курагын карай турган болсок, алардын көбү чоңдор, башкача айтканда, ысымдар мурда берилген деп айтууга болот. Анткени бул ысымдын ээлеринин 80 пайызы 47 жаштан жогоркулар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков