Бээжинде кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды

Бээжинде кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды

Кытайдын Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанды. Салтанаттуу иш-чара шаардагы сейил бактардын биринде өттү. Уюштуруучулардын айтымында, пандемиядан улам эстафетанын убактысын жана багытын кыскартууга туура келди. Факелди кезектешип миңден ашык адам көтөрүп жүрөт. Аны «Куштун уясы» аттуу улуттук стадионго жеткирген соң, тагыраак айтканда, бирдин айынын 4дө олимпиада расмий түрдө башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков