Эр ысымы, эл эсинде. Советтер Союзунун Баатырлары
Бауыржан Момышулы жана Иван Панфиловдун туулган куңдөрүнө карата эскерилди.
Даңктуу колбашчылардын эстеликтерине борбор калаа коомчулугу гүл чамбарларын
коюшту. Легендарлуу баатырлардын ысымдарын бүгүнкү муун сыймыктануу менен
эскерет. Буга жаш аскерлердин бүгүнкү жолугушууга келиши далил. Анткени
Бауыржан Момышулы менен Иван Панфилов кажыбас кайраттуулугу, эрдиги менен
айырмалана билишти. Бүгүнкү иш-чара ата-бабалардын эрдиктерин даңазалоо аркылуу
өсүп келе жаткан муундарга улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту жана
туруктуулукту калыптандырууга таасирин тийгизери анык.
Бакытбек Смагул, «Qazaqstan ardagerleri» бирикмесинин
төрагасы:
- Жашоонун бекем принциптерин карманган Бауыржан Момышулынын
эрдиги жана баатырдыгы аскерлерге гана эмес, жалпы эле өсүп келе жаткан муундарга
үлгү. Бул инсан менен биз казакстандыктар сыймыктанышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

