Баш оона айынын 29у эл аралык өзөктүк сыноолорго каршы иш-аракет күнү

Баш оона айынын 29у эл аралык өзөктүк сыноолорго каршы иш-аракет күнү

Баш оона айынын 29у дүйнө өзөктүк сыноолорго каршы аракеттенүүнүн эл аралык күнүн белгилейт. Бул тууралуу Казакстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы билдирди. Буга байланыштуу өлкө тарабынан сунушталган тиешелүү токтом кабыл алынды. Аталган резолюция адамдарды ядролук куралдан эркин дүйнө куруу максатына жетишүү үчүн «ядролук сыноолордун жана башка ар кандай өзөктүк жардыруулардын кесепеттери жана аларды токтотуунун зарылдыгы жөнүндө» жигердүү окутууга жана маалымдоого чакырат. Баш оона айынын 29 - Казакстан үчүн тарыхый күн. 1991-жылдын бул күнү президенттин жарлыгы менен Семей полигону расмий түрдө жабылган. 40 жылдын ичинде республиканын аймагында 456 жер астындагы жана жер үстүндөгү сыноолор жүргүзүлгөн. Жарылуу айлана-чөйрөгө, өзгөчө адамдардын ден соолугуна абдан чоң зыян келтирди. Өзөктүк куралды сыноону токтотуунун негизгиси катары — ядролук сыноолорго массалык тыюу салуу тууралуу келишим. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1996-жылдын аяк оона айынын 10да кабыл алынган. Келишимди иштеп чыгууга жана кабыл алууга Казакстан жигердүү катышып, ага биринчилерден болуп кол койгон. Эгемендүүлүктү алгандан бери республика өзөктүк куралдан эркин дүйнө түзүү идеясынын демилгечиси катары дүйнөгө таанылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков