Казакстанда 2023-жылдын үчтүн айынан тарта жаштар үчүн жеңилдетилген микрокредит берүүнүн жаңы механизми ишке киргизилет. Чакан насыя алууга 21 жаштан 35 жашка чейинки жарандар арыз менен кайрыла алышат. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, каражатты дыйкандар, ошондой эле товар өндүрүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр ала алышат. Насыя алууга макул болгондорго ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Беш миллион теңгеге чейинки насыялардын жылдык үстөк пайызы 2,5 пайыздан ашпайт. Насыя 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Жалпысынан 2023-жылга республикалык бюджетте жаштарга чакан насыя берүүнүн аталган механизмин ишке ашырууга 28 миллиард теңгеден ашык каражат каралган. Бул 5500дөн ашык жаштарга жеңилдетилген микрокредит алууга мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков