Ага карабастан тургундар эртең мененки саат жетиден баштап шайлоо тилкелерине келе башташты. Шайлоочулардын басымдуу бөлүгү орто муундун өкүлдөрү жана жаштар. Баарынын максаты бир – бул өз келечеги үчүн туура тандоо. Алгачкы же биринчи болуп өз тандоосун жасагандарга белектер берилди. Жалпысынан бүгүн борбордо 400дөн ашык шайлоо тилкелери ачылды.
Ляззат Аскаров, Астана шаарынын тургуну:
- Казакстан Республикасынын жараны болгондуктан келип добуш берүү ар бир жарандын милдети. Мен бул жерге өлкөнүн келечеги үчүн добуш берүүгө келдим.
Нурмухамед Күдеров, Астана шаарынын тургуну:
- Бул жерге үй-бүлөбүз менен келип, туруктуу добуш берип келебиз. Таң эрте добуш бергенге аракет кылабыз. Биз ар дайым өлкөбүздөгү саясий процесстерге салым кошууга аракет кылабыз. Үйдө үй-бүлөбүз менен талкуулап, балдарыбызга анын маанисин түшүндүрөбүз.
Жанна Тауекелова, №111 участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы:
- Шайлоочулардын саны азайган жок. Баарынын маанайы жакшы.
Которгон: Илгиз Жамалбеков