Казакстанда эң белгилүү 5 сапар-борбору аныкталды

Казакстанда эң белгилүү 5 сапар-борбору аныкталды

Казакстандын улуттук парктарынын эң көп саякат кылуучу борборлорунун тизмеси жарыяланды. Ага ылайык, Алматы облусундагы «Иле-Алатау» улуттук жаратылыш паркындагы «Turgensai» жери алдыда келе жатат. Экинчи орунду «Sharyn» сапар-борбору ээледи. Ал да Алматы облусунда жайгашкан. Туристтер арасында популярдуулугу боюнча Акмола облусундагы «Зеренди» борбору үчилтикти толуктады. Алдыңкы бештикке Коргалжын коругу жана «Алтын Емел» туристтик борборлору кирди. Жалпысынан 2023-жылдын биринчи жарымында бардык 5 комплекске 330 миңден ашык турист келди.

Акмарал Меңлибек, Туризм жана спорт министрлигинин башкы серепчиси:
- Табигый парктардагы туристтер үчүн сапар-борборлор корголуучу аймактын 5 пайызынан ашпайт. Мындан тышкары, экологияга зыяны жок. Ал  жер тууралуу толук маалымат менен гана чектелбестен, туристтерди тамактандырып, убактылуу жатакана кызматы көрсөтүлөт. Мындай объектилер экологиялык туризмди кеңири жайылтуу үчүн салынды. Казакстанда туризмдин бул түрүнө суроо-талап жылдан жылга өсүп жатканын айткыбыз келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков