Казакстанда жыл аягына чейин 8 өндүрүш объекти ишке кирет. Астана акимчилигинин маалыматында, алардын көбү курулуш материалдары менен тыгыз байланышта. Маселен, була-цемент мештерин жана газ бетонду чыгаруучу 2 окшош завод ишке киришет. Долбоордун алкагында үстү жабылган атайын материалдарды сактоочу кампа курулууда. Мындан тышкары сырткы жана ички курулуш иштери үчүн панелдерди чыгаруу жолго коюлат. Мындан тышкары темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод ишке кирет. Ал эми бир жаңылык лифт куруу заводуна байланыштуу болмокчу. Жылдын аягына чейин борбордогу өндүрүш ишканаларынын саны терезе жана балкон жабдууларын чыгарган ишкана менен толукталат. Белгилей кетсек, бул өндүрүштүк жайларга салынган каражат көлөмү 12 миллиард теңгеге жакын.
Которгон: Илгиз Жамалбеков