Астанада Nobel Fest 2023 өтүп жатат

Казакстандын 14 университетинде Google менен биргеликте жасалма интеллект сабаттуулугу боюнча курстар ачылды. Мындай долбоорду келерки жылы өлкөнүн бардык университеттерине киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу борбор калаада өтүп жаткан Nobel Fest алкагында илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек билдирди. Жасалма интеллект темасы быйылкы иш-чаранын өзөгү болду. Башкача айтканда, глобалдык инновация, илим менен билимди кеңири жайылтуу. Адаттагыдай эле илимий фестивалга Нобель сыйлыгынын лауреаттары, дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары жана стартап долбоорлордун жетекчилери чогулду.

Рае Квон Чунг, Nobel сыйлыгынын лауреаты, климат жана туруктуу өнүгүү боюнча серепчи:
- Климаттын өзгөрүшүнө каршы эч кандай чара көрүлбөсө жана комплекстүү чаралар колго алынбаса Казакстан менен Борбор Азия аймагы бир катар олуттуу көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Бул глобалдык көйгөйдү чечүүнүн бирден бир жолу бул өлкөдө жашыл тарифтерди киргизүү. Мен мындай сунушту көтөрүп жатам. Альтернативдүү электр булагы же тазаланган суу алуу үчүн чыгаша көбүрөөк кетет. Ушуну өкмөт колго алышы керек.

Дария Кожамжарова, М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан Мамлекеттик университетинин ректору:
- Рае Квон Чунг менен бирге университетибизде жашыл технологияларды жана экономиканы, ошондой эле климаттын өзгөрүшүн жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөө үчүн борбор ачтык.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков