Астанада Конституциялык комиссиянын 10-жыйыны өттү

Астанада Конституциялык комиссиянын 10-жыйыны өттү

Ыктыярчылык ишмердүүлүк Казакстандын Баш мыйзамында бекитилет. Бул тууралуу Конституциялык соттун төрайымынын орун басары Бакыт Нурмуханов Комиссиянын 10-жыйынында билдирди. Анын айтымында, Конституциялык реформа боюнча комиссия өлкөдөгү «Ыктыярчылык тууралуу» мыйзамдын аракетте болушун, ошондой эле казакстандыктардын муктаж болгондорго акысыз жардамынын маанилүүлүгүн жана ыктыярчылардын айлана-чөйрөнү коргоодогу маанилүү ролун эске алуу менен бул сунушту колдоду. Эске сала кетсек, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси боюнча БУУ 2026-жылды Эл аралык ыктыярчылар жылы деп жарыялаган.

Бакыт Нурмуханов, Конституциялык соттун төрайымынын орун басары, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:

- 31-берененин 2-пунктунун долбооруна ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоонун башка түрлөрү, ыктыярчылык ишмердүүлүк жана кайрымдуулук Казакстан Республикасында колдоого алынары жөнүндө толуктоо киргизилди. Демилгечилердин пикиринде, бул идея долбоордун башка жоболорун, өзгөчө преамбуланы жана Казакстан Республикасынын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптерин логикалык жактан толуктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков