Астанада казак баатырларынын эстеликтерине гүл коюу аземи болуп өттү

Астанада казак баатырларынын эстеликтерине гүл коюу аземи болуп өттү

Казакстандын борбор калаасында Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында согуш баатырларынын эстеликтерине гүл коюу аземи болуп өттү. Премьер-министр Олжас Бектенов айтылуу учкуч-жойгуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, Эл Баатыры Талгат Бегелдиновду эскерди. Фронтто ал 305 согуштук миссияны аткарып, душмандын жети учагын атып түшүргөн. Согуштан кийин ал жарандык авиацияга өткөнгө чейин аба күчтөрүндө кызматын уланткан.


Сенат спикери Маулен Ашимбаев Советтер Союзунун Баатыры Маншук Маметованын эстелигине гүл коюу аземине катышып, эркиндик жана ачык асман үчүн жанын бергендерди бир мүнөт унчукпай эскерди. Иш-чарага ардагерлер уюмдарынын жана күч органдарынын өкүлдөрү, депутаттар катышты. Ал эми Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов Бауыржан Момыш уулунун эстелигине гүл койду. Салтанат легендарлуу командирдин ысымын алып жүргөн проспектиде өттү. Советтер Союзунун Баатыры 316-аткычтар дивизиясынын курамында согушуп, кийинчерээк полк менен дивизияны башкарган. Баатырдын эстелиги Астанада 2008-жылы ачылган.


Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жалпы улуттук иш-чаралардын алкагында мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулованын мемориалына гүл койду. Белгилей кетсек, быйыл анын 100 жылдыгы белгиленет. Өлкө боюнча ар кандай эскерүү даталары болот. Салтанатка улуттук курултай менен жаштар саясаты боюнча кеңештин мүчөлөрү катышты


Өлкө Президенти Администрациясынын жетекчиси Айбек Дадебай рейхстагдын үстүнө биринчи болуп туу койгон Эл Баатыры Рахимжан Кошкарбаевдин эстелигине гүл койду. Ошондой эле, ал согушта курман болгон казак жоокерлерин эскерип, тарыхый эстеликти жана баатырдык мурасты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков