Быйыл өлкөдө үч миллиард долларлык 190 өнөр жай долбоорун
ишке киргизүү пландалууда. Айта кетсек, акыркы 5 жылда бул рекорддук көрсөткүч.
Республикада курулуш, химия, унаа жасоо жана металлургия өнөр жайынын жаңы
тармактарынын пайда болушу күтүлүүдө. Акыркы үч багытта жакынкы он жылдыкта 9
ири долбоор ишке ашат. Алар долбоордук кубаттуулукка киргизилгенден кийин өнүм
чыгаруунун көлөмү 7,3 миллиард долларга жакын болот. Айта кетсек, 9дан экөөсү
быйыл ишке кошулат. Алардын арасында Костанайда жылына 70 миң жана Алматыда жыл
сайын 90 миң автоунаа чыгаруучу мультибренддик автозавод бар. Белгилей кетсек,
Казакстанда 5 жылда биринчи жолу кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү 5,9% түзүп,
өндүрүштүн жалпы көлөмү 24,5 трлн теңгеге жетти.
Даурен Байдуйсенов, «Qazindustry» Казакстан өнөржай жана
экспорт борбору АК башкаруучу мүдүр:
- Ошондой эле, моно-шаарларда бир катар долбоорлорду ишке
ашыруу пландалууда. Долбоордук кубаттуулукка толук киргенде аны ишке ашыруунун
жалпы эффективдүүлүгү 2,2 триллион теңгеден ашат. Быйыл эки ири автозаводду
ишке киргизүү пландалууда. Биринчиси, Алматадагы Cherry, Changan, Tank, Haval бренддерин
чыгарган завод. Мындан тышкары, Костанайда KIA үлгүсүндөгү автоунааларды
чыгарууну баштоо пландалууда. Бул кореялык брендден Казакстан Республикасына
100 пайыздык чет элдик инвестиция болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

