Астана
кайрадан дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда. Бүгүн Казакстандын борборунда эң
маанилүү маселелер – табиятты коргоо, климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана
жалпы адамзаттык максат – планетаны жана келечекти сактоо тууралуу сөз болууда.
Бул жерде Регионалдык экологиялык саммит өтүүдө. Ага
Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттеринин башчылары, БУУнун баш катчысынын орун
басарлары, агенттиктердин жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой
эле окумуштуулар жана серепчилер катышууда. Казакстандын Президенти пленардык
отурумдун ачылышында сөз сүйлөдү. Биринчи кезекте, Касым-Жомарт Токаев
айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтык мамлекеттерди бөлүп-жарууга жол
бербей, биримдиктин куралы болушу керектигин баса белгиледи. Ошондуктан
экологиялык моделдерге глобалдык өтүү тең салмактуу болушу керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Көптөгөн учурларда
экологиялык күн тартиби ар түрдүү аймактардын жана мамлекеттердин, өзгөчө
экономикалык потенциалын чыңдоо менен алектенип, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн
муктаждыктары тийиштүү деңгээлде эске алынбай иштелип чыгууда.
Биздин жалпы мамилебиз негиздүү, прагматикалык жана кылдаттык менен иштелип
чыгышы керек, ошондо өлкөлөр экономикалык өсүш жана өнүгүү келечектерине
коркунуч келтирбестен, туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде алдыга жыла
алышат.
Суунун
тартыштыгы, кургакчылык,
мөңгүлөрдүн эриши, абанын булганышы, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы.
Казакстандын Президенти Борбор Азиянын жана коңшу аймактардын негизги
экологиялык көйгөйлөрүн атады. Аларды учурунда жана биргелешип чечүү зарыл. Касым-Жомарт
Токаев Казакстандын экологиялык жоопкерчилик маселелериндеги кадамдары менен
бөлүштү. Мисалы, жаңы Конституцияда
негизги принцип – айлана-чөйрөнү коргоо так аныкталган. Өлкөдө кайра жанма
энергиянын үлүшү бүгүнкү күндө 7%дан ашат жана 2030-жылга чейин эки эсеге
көбөйөт. Ошондой эле Казакстан көмүртексиз электр энергетикасын өнүктүрөт жана
Арал менен Каспийди коргоо чараларын күчөтөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бүгүнкү күндө биз Түндүк
Аралдын болжол менен 36 пайызын калыбына келтирүүгө жетиштик, суунун сапатын
жакшыртып, балык корлорун
көбөйтүп жана калктын жашоо деңгээлин
жогорулаттык. Биздин өлкө үчүн кам көрүлө турган дагы бир объект – Каспий
деңизи. Казакстан Каспий деңизинин андан ары деградациясын алдын алуу боюнча
мамлекеттер аралык программаны демилгелеп, аймактык илимий кызматташтыкты
өнүктүрүү үчүн Каспий деңизинин Илим изилдөө институтун түздү.
Биологиялык
ар түрдүүлүктү сактоо өлкөнүн экологиялык саясатынын негизги багыттарынын бири
бойдон калууда. Натыйжада кийиктердин
жана ак илбирстеринин
саны калыбына келтирилди.
Ал эми токойлорду калыбына келтирүүнүн алкагында өлкөдө бир жарым миллиарддан
ашуун дарак отургузулду.
Аймактык аракеттерден тышкары, Казакстан үчүн суу ресурстары жаатындагы
глобалдык кызматташтык да негизги артыкчылык болуп саналат. Саммиттин алкагында
Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиги катары Эл аралык суу уюмун түзүү боюнча
консультациялардын биринчи раунду өтөт. Эске салсак, ушул демилге менен
Касым-Жомарт Токаев былтыр Ашхабадда сөз сүйлөгөн. Казакстандын Президенти ошондой эле
Борбордук Азиядагы экологиялык тилектештик жөнүндө Астана декларациясынын
маанилүүлүгүн баса белгилеп, документти регионалдык өнөктөштүктү чыңдоодогу
маанилүү кадам деп атады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

