Казакстан нооруз майрамын белгиледи

Казакстан нооруз майрамын белгиледи

Казакстанда Нооруз майрамы масштабдуу белгиленди. Салтанаттуу иш-чаралар Астанада Экспо көргөзмө борборунун аймагында өттү. Анда бүтүндөй этно айыл ачылып, боз үйлөр, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, спорт оюндары үчүн аянтчалар коюлду. Мекендештерди мамлекет башчысы да куттуктады. Касым-Жомарт Токаев улуттук Нооруз майрамы –казактын түпкү салттарынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Бул жаркын майрам, жандуулуктун жаңылануусун билдирет. Президент ошондой эле, 2025-жыл бир нече маанилүү окуялар менен белгиленерин айтты. Бул Конституциянын жана Казакстан элинин Ассамблеясынын 30 жылдыгы, ошондой эле Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы. Эгемендүүлүктүн 40 жылдыгы да жакындап калды. Биздин милдет – жаңы геосаясий реалдуулукка ыңгайлашкан күчтүү жана алдыңкы мамлекет болуу, деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Майрамдык концертке Казакстанда жашаган этностордун өкүлдөрү катышты. Жаздын келишинин кубанычы менен бөлүшүп, достук маанайды сезүү үчүн Астанага чет өлкөдөн кол өнөрчүлөр келишти. Алар өз буюмдарын көрсөтүштү. Улуттук спорт менен машыккан спортчулар да четте калган жок. Жаачылар, балбандар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Алматыда элдик майрамдар чоң салтанат менен өттү. Абай аянтында Нооруз фест фестивалы ачылды. Ал салттын жана технологиянын чыныгы симбиозуна айланды. Бул жерде кинетикалык туннелди көрүп робототехниканын жаңылыктары менен тааныша аласыз. Ал эми бул аянтчада жазуучулар менен баарлаша турган китеп жарманкеси ачылды.

Которгон: Сезим Шейшеналиева