Astana Finance Days 2024: Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Евразия чөлкөмүндөгү негизги тармактык конференциялардын бири – Astana Finance Days иш-чарасына дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн каржы секторунун 3 миң өкүлү катышууда. Бул күндөрү борбордогу AЭКБ сайтында эл аралык серепчилер заманбап рыноктун актуалдуу маселелерин, анын ичинде FinTech тармагындагы ноу-хауды жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашууда. Ал эми серепчилердин айтымында, Казакстанда алар абдан көп. Маселен, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы эле өлкө менен кызматташуунун жылдарында Казакстандын экономикасына 20 миллиард евродон ашык каражат бөлгөн. Каражат республикада үч жүздөн ашык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди. Ал эми алдыда дагы көп иштер турат.

Хусейн Озхан, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Казакстандагы мүдүрү:

– Казакстан ВВВ минус рейтингине ээ жана бул мамлекеттин инвестициялык деңгээли жакшы. Инфраструктуралык инвестицияларга болгон муктаждык абдан чоң жана көптөгөн ар түрдүү секторлорду камтыйт. Азыркы программа абдан дымактуу көрүнөт. Дээрлик 80 миллиарддык инфраструктуралык инвестиция. Ал эми бул долбоорлорду ишке ашыруу, коммерциялаштыруу жана бул долбоорлорду каржылоого жеке өнөктөштөрдү тартуу үчүн бизге абдан координацияланган жана уюшкан мамиле керек.

Инвесторлор жашыл каржылоого басым жасашууда. Казакстан туруктуу аз көмүртектүү келечекке өтүү үчүн инновациялык ыкмаларга муктаж. Серепчилер республикада жашыл сертификаттар системасын киргизүүнү ушундай чечимдердин бири деп аташат.

Ренат Бектуров, АЭКБнын башкаруучусу: 

– Бул аны өндүргөн уюмдар үчүн – гидроэлектростанциялар, шамал жана күн жашыл энергияны инвестициялоо жана көбөйтүү үчүн кошумча капиталды тарта алат. Бул үчүн алар сертификаттарын сата турган уюшкан базар керек. Ал эми керек болгондор СО2ни абага бөлүп чыгарган болот сыяктуу чоң өнөр жай компаниялары керек. Демек, бул сертификаттын баасы болушу үчүн базар керек. Биздин биржада мындай долбоорду ишке киргизебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков