Казакстандын чыгышында фотокапкандар орнотулат

Казакстандын чыгышында фотокапкандар орнотулат

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматы боюнча, долбоор Алтай-Саян экорегионунун Казакстандык бөлүгүндө сейрек кездешүүчү жаныбарлардын тобун сактап калуу максатында иштелип чыккан. Экспедиция учурунда зоологдор жана инспекторлор ак илбирстер жашай турган жерлерге фотокапкандарды орнотуп, мурда орнотулган камераларды текшеришет. Ошол эле учурда адистер молекулярдык-генетикалык анализ жүргүзүп, жынысын, санын жана ДНК маалыматтарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү илбирстин биологиялык материалын чогултууну көздөшүүдө. Белгилей кетсек, Катонкарагай улуттук паркында үчтөн алты түргө чейин илбирс жашайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков