Астана дүйнөнүн интеллектуалдык 21 шаардын катарында

Астана дүйнөнүн интеллектуалдык 21 шаардын катарында

Бул тууралуу борбор калаанын акимчилигинен билдиришти. Интеллектуалдык коомчулук форуму жүргүзгөн изилдөө алты артыкчылыкка негизделген. Бул кең тилкелүү интернетке жетүү, санариптик технологияларды жана инструменттерди киргизүү, акылдуу шаарларды курууга инвестиция салуу сыяктуу маанилүү көрсөткүчтөр. Ошондой эле өлкөнүн борбору Smart Centers Index рейтингинде акылдуу шаарлардын рейтингинде 64-орунду ээледи. Изилдөөчү топ Астанадагы инновациялык колдоонун деңгээлин жогору баалап, ага 650 балл берген. Белгилей кетсек, бул көрсөткүч Токио, Сеул, Бээжин  жана Сиэтл шаарларына караганда жогору.

Которгон: Илгиз Жамалбеков