«Ashyq» расмий түрдө мамлекетке өткөрүлүп берилди. Алдыңкы убактарда бул кызмат«EgovMobile» тиркемесинде пайда болот. Бул тууралуу Казакстандын санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин билдирди.
«Ashyq» кызматы жакында эле мамлекеттин менчигине өттү. Кечээ биз анын түзүүчүсү Виталий Пустовойтенко менен документтерге кол коюп, Улуттук маалыматтык технологиялар борборунун алкагында жоопкерчилик аймагына алдык. Жеке маалыматтар жөнүндө тынчсызданып, аларды жазуунун кажети жок - бардык Ashyq серверлери мамлекеттик кызмат борборунун схемасында жайгашкан».
Муну менен катар, министр система эки ири банктын: KASPI жана HALYK мобилдик тиркемелеринде иштей турганын кошумчалады. Багдат Мусиндин айтымында, бул тез-тез техникалык мүчүлүштүктөрдү болтурбоого жардам берет. Белгилей кетсек, учурда «Ashyqты» бир миллион 700 миңден ашуун колдонуучу пайдаланат. Күн сайын тиркемеде вирус жуккан жарандардын коомдук жайларга барууга болгон жүзгө жакын аракети көрсөтүлөт. Маалыматка ылайык, тиркемени ишке киргизүү Казакстандын дагы үч шаарында - Павлодар, Тараз жана Актөбеде мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков