Казакстан жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиондугунда биринчи жолу «алтын» утту. Аны Нора Джеруто жеңип алды. Өлкөнүн өкүлү 3000 метрлик тоскоолдуктар менен жарышта жеңүүчү аталды. Белгилей кетсек, Нора Джеруто Кенияда туулуп өскөн. Ал Казакстанга 2017-жылы көчүп келген жана быйылкы дүйнө чемпиондугунда республиканын намысын коргогонго расмий уруксат алган.
Оор атлетика боюнча жаштар жана юниорлор арасында арасындагы континенталдык турнирде казакстандыктар 2 алтын жана 1 коло утту. Спортчулар Ташкентте өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы оор атлетика боюнча континенталдык мелдештерде дагы эки алтын утушту. Биринчи байгени 73 кг салмактагы Едиге Емберды жеңип алды. Ал кош таймашта 309 кг салмакты жана атүгүл штанга көтөрүү боюнча Азиянын рекордун багындырды. Экинчи алтынды орто салмактагы спортчу Алишер Байбуров утуп алды. Ошондой эле, биздин кураманын куржунун Екатерина Алякина бир коло менен толуктады.
Едыге Емберды, ООР атлетика боюнча Азия Чемпиону:
- Чынында мен абдан кубанып жатам. Мелдеш оор болду. Тай спортчусу күчтүү экен. Ал менден 1-2 кг ылдый көтөрдү. Жакшы күч сынаштык. Эми биз бир аз эс алабыз. Кийинки жылы юниорлор менен мелдешебиз.
Которгон: Субанбек Исмакеев