Алыскы аймактарда көчмө дарыкана иштейт

Алыскы аймактарда көчмө дарыкана иштейт

Алыскы аймактарда көчмө дарыкана иштейт. Социалдык долбоор Караганды облусунда колго алынды. Атайын жабдылган дарыкана комплекстери бекитилген графикке жана арыздарга ылайык айылдарды кыдырат. Белгилей кетсек, ал жакта дары-дармектердин баасы стационардык дарыканаларга караганда 15% арзан. Дары-дармектер диспансердик бейтаптарга бекер жеткирилет.

Гамаль Токсамбаев, Саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

- Тилекке каршы, бардык аймактарда дарыкана тармагы өнүккөн эмес, ошондуктан бул көчмө аптеканын иши бардыгы үчүн пайдалуу. Азыркы учурда өлкөдө жайылып жаткан коронавирус инфекциясынын көп учурагандыгын жана анын штаммдарын эске алып, калкты андан коргоо үчүн дары-дармектерди жеткирүүнү чечтик. Дары-дармектердин тизмеси да узун. 2-2,5 миңге чейин препарат бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков