Өкмөт Экибастузду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын бекитти

Өкмөт Экибастузду өнүктүрүүнүн комплекстүү планын бекитти

932 миллиард теңгеден ашык. 2025-жылга чейин ушундай эле көлөмдөгү инвестиция Экибастузду өнүктүрүүгө багытталат. Өкмөт отурумунда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн комплекстүү планы кабыл алынды. Улуттук экономика министри Асет Эргалиевдин айтымында, документ инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, турак жайларды, инфраструктураны, социалдык тармактарды өнүктүрүүгө жана экологиялык көйгөйлөрдү жакшыртууга багытталган 114 чараны камтыйт. Ошондой эле, энергетика тармагында Экибастуз биринчи жана экинчи ГРЭСтериндеги энерго-блоктору калыбына келтирилет. Жалпысынан комплекстүү планды ишке ашыруу шаар калкынын кирешесин жана жыргалчылыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча 16,5 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт, өнөр жайдын көлөмү 22%га өсөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков