Жакынкы эки жылда илимди өнүктүрүүгө 640 миллиард теңге бөлүнөт. Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Дархан Ахмет-Закинин айтымында, тармакты каржылоо этап-этабы менен жүргүзүлөт. Каражат фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимий институттарга да берилет. Учурда республикада түздөн-түз каржылоо менен 13 институт иштеп жатат, келерки жылы аларга дагы 28 илимий борбор кошулат. Белгилей кетсек, Казакстанда илимди каржылоо 2025-жылы ички дүң өнүмдүн 1% түзөт.
Дархан Ахмет-Заки, Илим жана жогорку билим берүү вице-министри:
- Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынын 28де Казакстан Республикасынын 2023-2029-жылдарга карата жогорку билимди жана илимди өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган. Бул документте биз билим берүүнүн сапаты боюнча негизги милдеттерди аныктадык. Алар: илимпоздордун санын көбөйтүү, илимий экосистеманы чыңдоо. Илимдин экономикадагы үлүшүн жогорулатуу, университеттин илимин өнүктүрүү жана илимди башкарууну жакшыртуу жана башкалар.
Белгилей кетсек, илимди колдоо жана жаштарды тартуунун алкагында Казакстанда жаңы турак-жай программасы ишке киргизилди. Долбоор 5 жылга эсептелген. Ага 40 жашка чейинки ата мекендик изилдөөчүлөр катыша алышат. Аларга алгачкы 10% төлөм жана жылдык үстөгү 5 пайыз менен ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков