Казакстан калкынын басымдуу бөлүгү атомдук электр станциясынын курулушун колдоду. Референдумда добуш берген бардык жарандардын 71 пайыздан ашыгы бул чечимди колдошту. Борбордук референдум комиссиясынын алдын ала корутундусуна ылайык, 5 жарым миллиондон ашык адам АЭСти куруу боюнча оң пикирлерин билдиришкен. Жалпысынан өлкөдөгү добуш берүүгө укуктуу шайлоочулардын 63 пайыздан ашыгы, 7 миллион 820 миңден ашуун адам өз тандоосун жасады.
Нурлан Абдиров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
– Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумга чыгарылган маселеге каршы добуш берген жарандардын саны 2 миллион 45 миң 271 адамды түздү. Жооптордун эки варианты тең тандалды, башкача айтканда, жарактуу деп табылган, бирок добуштарды эсептөөдө эске алынбаган бюллетендердин саны 82 729 болду. Белгиленген үлгүдөгү добуш бергендердин эрктигин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн эмес жана жараксыз деп табылган 130 267 бюллетенди түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков