Адам, анын укуктары жана эркиндиктери - жаңы
Конституциянын негизги багыты. Серепчилердин
айтымында, анда бекитилген кепилдиктер Баш мыйзамдын бардык жоболорунда
чагылдырылган. Борбор
калаадагы президенттик борбордо өлкөдөгү конституциялык өзгөртүүлөргө арналган
тегерек үстөл жыйыны өттү. Серепчилер Конституциянын массалык укуктук колдонуу
негизине айланышы үчүн, коомдук диалог жана жаңы мамлекеттик институттардын эл
алдындагы жоопкерчилигин арттыруу керек деген жыйынтыкка келишти.
Наталья
Дементьева, VIII чакырылыштагы Казакстан Республикасынын Парламентинин депутаты:
– Жарандар мамлекет үчүн
эмес, мамлекет жарандар үчүн кызмат кылышы
керек. Башкача айтканда, бардык коомдук-саясий институттар жарандардын
кызыкчылыгы үчүн иштеп, алардын укуктарын коргоону камсыз кылууга тийиш.
Азыртадан эле саясий жана коомдук институттардагы өзгөрүүлөр байкала баштады.
Баарынан мурда сөз өкүлчүлүктүү бийликтин жаңы институттарын калыптандыруу,
анын ичинде Парламенттин жаңыланган форматы болгон Курултайды түзүү жөнүндө
болуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

