Ал мегаполисти Балтика, Кавказ, Кытай, Орусия, Таиланд жана башка мамлекеттер менен байланыштырат. Бул республикадагы эң чоң терминалдардын бири болорун шаар мэриясы билдирди. Ал жалпы аянты 35 миң чарчы метрди ээлейт, бул жүргүнчүлөрдү ташууну жылына сегиз жүз миңден 3 жарым миллион адамга чейин көбөйтөт. Ал эми төрт телескоптук тепкич бир эле учурда 16 учакты тейлөөгө мүмкүндүк берет. Эске салсак, терминалдын курулушу 2018-жылы башталган. Учурда фасад жана чатырды жабуу, инженердик тармактар боюнча иштер аяктады. Имараттын ичинде бүтүрүү иштери жүрүп жатат, аба порту эми ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи.
Мухтар Коканбаев, Шымкент шаардык администрация бөлүм башчысы
- Толук ишке киргизүү, инвестордун айтымында, ушул жылдын аягына чейин пландалууда. Азыр платформага байланыштуу маселе чечилүүдө. Биз инвестор менен ушул учурдун үстүндө иштеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков