Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаилов Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбар менен болгон сүйлөшүүлөрдө билдирди. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 20%га өсүп, 528 миллион АКШ долларына жеткен. Өкмөт башчы бул көрсөткүчтү 3 миллиард долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Ошону менен бирге ал өз ара соодада 70 пайызга ээ болгон айыл чарба өнүмдөрүн алыскы аралыкка ташууну көбөйтүүгө боло тургандыгын белгиледи.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Эки тараптуу сооданын олуттуу үлүшүн түзгөн айыл чарба тармагы биз үчүн келечектүү болуп саналат. Салттуу экспорттук товарлардан, мисалы, жармалардан тышкары, биз Казакстандын ун азыктарын, макарон жана кондитер азыктарын, өсүмдүк майын жана башка мал чарба азыктарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылдык. Ошондой эле, биз жаз мезгилинде элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн Ирандын эрте жашылча-жемиштерин жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдарбыз.
Жолугушууда инвестиция тартуу, транзиттик-транспорт тармагындагы дараметтүү долбоорлорду ишке ашыруу, жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү маселелери да талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков