Быйыл Казакстанда легендарлуу Роза Багланованын 100 жылдык мааракеси белгиленет. ХХ кылымдын көрүнүктүү опера жана эстрада ырчысы улуттук искусствонун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Жакында борбордо СССРдин жана Казакстандын эл артистинин эксклюзивдүү скульптурасынын бет ачары болду.
Тажен Багланов, Р. Багланованын уулу:
- 100% окшош деп айтсам болот. Айкелди биринчи көргөндө аябай таң калдым. Аялым менен балдарым көздөрүнө жаш алды. Бул жерге апабыздын зер буюмдарын, жоолуктарын, сөйкөлөрүн коштук. Ал биринчи кезекте мага апа болгон. Жаш кезимде анын мыкты инсан экендигин толук түшүнбөсөм керек, чоңойгон сайын апамдын улуулугун түшүндүм.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ЮНЕСКО 2022-2023-жылдарга эсте каларлык даталардын тизмесин бекиткен. Ага казактын булбулу Роза Багланованын 100 жылдык мааракеси кирген. Бул маанилүү датага карата өлкөдө бир катар майрамдык иш-чаралар башталат. Тактап айтканда, Роза Багланова атындагы эл аралык вокалчылар сынагы борбор калаада өтөт. Концерттер Кызылорда, Алматы жана Москва шаарларында мерчемделген. Белгилүү ырчынын мааракеси Париждеги ЮНЕСКОнун баш кеңсесинде да белгиленет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков