100гө жакын тасма мамлекеттик колдоого арыз берет

100гө жакын тасма мамлекеттик колдоого арыз берет

Биз күчтүү кино долбоорлорду издеп жатабыз! Казакстанда болочок ата мекендик тасмалардын мыкты сценарийлери тандалып жатат. Улуттук кинематография борборунун маалыматы боюнча, быйыл эң кызыктуу долбоорлорду каржылоого болжол менен 4,5 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнөт. Азыркы учурда 100дөн ашык арыз түшкөн.

Абзал Мухимов, «Улуттук кинону колдоо борбору» башкармалыгынын төрагасынын орун басары:

- Дегеле бизде мындай долбоорго же мындай багытка артыкчылык берүү маселеси жок. Мунун баары өз кезегинде чыгармачыл коомчулуктун өзүнүн демилгелерин, алардын жаңы идеяларын камтыйт. Жакынкы жылдарда быйылкы жылга байланыштуу тарыхый-агартуучулук, көрөгөчтүк кинодолбоорлорго, балдар киносуна, ошондой эле социалдык оюн-агартуучулук долбоорлорго артыкчылык берилиши мүмкүн.

Сынакка комедиялары жана мелодрамалары менен таанылган белгилүү режиссер Аскар Узабаев да катышууну чечкен. Ал бүгүнкү күндүн маанилүү темаларынын бири болгон сатиралык тасманын сценарийин сунуштады.

Аскар Узабаев, режиссер:

- Бул - сатиралык комедия. Бүгүнкү күндүн темасы деп ойлойм. Коррупцияга каршы агенттиктен качып, айылга жашынып, ошол айылды тоноп кеткен аткаминер тууралуу тасма. Колу менен жасагандын баарын көрүп турат, билет. Кийин чыныгы жашоодо ал адамдардын начар абалда жашап жатканын көрөт. Маанилүү маселе. Албетте, мен бул темада күрөшүүнү абдан каалайм. Коррупция көп экенин, ал жакшылыкка алып барбасын көрсөткүм келет. Ушундай темада тасмаларды тартууну көптөн бери ойлонуп жүрөм.

Белгилей кетсек, акыркы үч жылда мамлекет улуттук кинематографияны колдоого 11 миллиард теңгеден ашык каражат бөлгөн. Жыйынтыгында 48 тасма каржыланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков