Казакстанда калктын саны 20 миллионго жакындады

Казакстанда калктын саны 20 миллионго жакындады

Казакстандын калкы 20 миллионго жакындады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык бюро маалымдады. Эл каттоо адистеринин маалыматы боюнча, табигый өсүш 172 миңге жакын адамдан ашты. Миграциянын сальдосу 5897 адамды түздү. Миграция боюнча Астана алдыда. Ошентип борбор калаанын тургундары 47 миң 446 адамга толукталды. Натыйжада Казакстандын борборунда 1 миллион 400 миңден ашуун жаран расмий катталды. Бул жатта Алматы шаарында да оң динамика байкалат. 44 миң кишиге өскөн мегаполистин жашоочуларынын саны бүгүнкү күндө 2 миллион 205 миңге жетти. Учурда республика боюнча шаар тургундарынын үлүшү 62%ды түзөт. Буга ылайык, өлкөнүн калкынын 32%ы айыл жеринде жашайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков