Өндүрүш өнөр жайы, унаа жасоо жана агроөнөр жай комплекси. Казакстандын премьер-министри иш сапар учурунда Костанай облусунун экономикасынын аталган тармактарындагы дарамети менен таанышты. Аймакта 11 ай ичинде өнөр жай өнүмдөрүн өндүрүү көлөмү 2,5 триллион теңгеге жетип, 6 өнөр жай долбоору ишке ашырылып, баасы 125 миллиард теңгни түздү. Олжас Бектенов биринчи кезекте Соколов-Сарбай тоо-кен байытуучу ишканасында болду. Бул жерде жылына 35 миллион тонна руда өндүрүлөт. Чийки зат ички рынокко жеткирилип, Орусия менен Кытайга экспорттолот. Өкмөт башчыга ысык брикеттелген темирди чыгаруучу заводдун курулушунун долбоору тапшырылды. Аны 2028-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда. Заводдун кубаттуулугу жылына 2 миллион тоннаны түзүп, инвестициянын көлөмү 500 миллиард теңгеден ашат.
Сергей Кузьменко, ERG темир-рудалык дивизионунун
жетекчиси:
- Биз үчүн бул чындап эле маржиналдык өзгөртүүлөр менен
өнүмдөрдү чыгарууга мүмкүндүк бере турган жаңы долбоор, анткени ал доменди
бөлүштүрүүнү талап кылбаган жана түздөн-түз мештерде колдонулган өнүм. Ошдуктан
бул биз үчүн жаңы секирик.
Бүгүнкү күндө Костанай облусу унаа жасоо боюнча өлкө
боюнча лидер болуп саналат. Жаңы завод дагы өнүгүүгө кошумча дем берет. Ал
индустриалдык зонанын аймагында курулуп жатат. Бул жерде жыл сайын 70 миңге
чейин автоунаа чыгаруу пландалууда. Аларды Борбор Азия республикаларында жана
башка өлкөлөрдө да ишке ашырышат. Эң башкысы-завод толук цикл принциби боюнча
иштейт. Долбоордун наркы – 200 млн доллар, анын 80% - чет өлкөлүк түз
инвестициялар. Мындан тышкары, Олжас Бектенов Костанай облусундагы айыл
чарбасынын өнүгүшү менен да таанышты. Быйыл бул тармакка 175 миллиард теңге
жумшалды. 2 жылдын ичинде агро өнөр жай комплексинде 96 инвестдолбоорду ишке
ашыруу мерчемделүүдө. Өкмөт башчыга тегирмен комплексин куруу боюнча долбоор
таныштырылды.
Сайлаубек Алишев, тегирмен комплексинин мүдүрү:
- Ундун үч түрүн чыгарабыз – жогорку, биринчи жана экинчи. Аны Өзбекстан менен Ооганстанга экспорттойбуз. Казакстан боюнча биз өнүмдүн 45%ын жеткиребиз. Экинчи тегирмендин ишке кириши менен биз камсыздоо географиясын кеңейтебиз деп үмүттөнөбүз. Аталган өлкөлөрдөн тышкары жаңы экспорттук багыттарды өздөштүрөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

