Казакстан электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча лидерлердин бири. Республиканын санариптик өнүгүүсүнө мындай жогорку бааны БУУнун өкүлү Винченцо Акуаро берди. Эл аралык уюмда ал санариптик өкмөт, экономикалык жана социалдык маселелер бөлүмүн жетектейт. Эксперт белгилегендей, азыр биздин өлкө дүйнөлүк индекстин төрт кластеринин арасында эң жогорку позицияларда турат. Белгилей кетсек, рейтингди түзүүдө үч маанилүү аспект: онлайн кызматтарды көрсөтүү, телекоммуникация жана адамдык потенциал эске алынат. Анын алкагында БУУга мүчө 193 мамлекет бааланат.
Винченцо Акуаро, БУУнун санариптик өкмөт, экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин башчысы:
Электрондук өкмөттү өнүктүрүү жаатында Казакстандын алдыңкы тажрыйбасын белгилегим келет. Аны башка мамлекеттерге өткөрүп бериш керек. Мисалы, унааны кайра каттоо кызматынын онлайн версиясы көптөгөн өлкөлөрдө кызыгуу жаратууда. Өзгөчө Европада мындай кызматтардын жоктугунан жарандар кыйынчылыктарга туш болушат.
Даулет Бекманов, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча департаменттин төрагасы:
Рейтинг үч түрдүү багытта жүргүзүлөт. Биринчиси, мисалы, айылдарда калктын интернетке жетүүсү. Экинчиси адамдык капитал, үчүнчүсү электрондук кызматтар. Мына акыркы пунктта биз ТОП-10дукка кирдик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков