«Астана Балет» театри юбилей мавсум анонсларини эълон қилди

«Астана Балет» театри юбилей мавсум анонсларини эълон қилди

Астана Балет театры 10 жылдык мааракелик сезондогу жаңылыктары менен бөлүштү. Адаттагыдай эле искусство сүйүүчүлөрдү кызыктуу программалар, күтүлбөгөн окуялар күтөт. Борбор калаа тургундарынын жана шаар конокторунун назарына бир катар жаңы спектаклдер сунушталат. Ушул айдын өзүндө эле эки заманбап балеттин бет ачары болот.

Нурлан Канетов, «Астана Балет» театрынын көркөм жетекчиси:

- Чын куран айынын 15-16да Айнур Абилгазинанын «Soli Deo Gloria» жана Олжас Маханбеталиевдин «Nine» аттуу бир актылуу балеттерин тартуулоону пландап жатабыз. Бул премьералар ийгиликтүү болуп, жаңы спектаклдер көрүүчүлөрдүн купулуна толооруна ишенебиз. Келечекте бул жаш казакстандык хореографтардын мыкты чыгармалары репертуарыбызга кошулат деген ойдобуз.

Ошондой эле, искусство борборунун өкүлдөрү «Нооруз» майрамына карата атайын концерттик программа иштеп чыккандыктарын билдиришти.

Арман Оразгалиев, «Астана Балет» театрынын башкы дирижеру:

- Жакынкы арада белгилене турган «Нооруз» майрамына карата эки концерттик программа тартуулоону пландап жатабыз. Анда биздин команда менен легендарлуу «Үркер» тобу өнөр көрсөтөт. Жакында бул уникалдуу концертке даярдана баштайбыз. Оркестрдин мүчөлөрү биргелешкен долбоорду ишке ашырууга дилгир. Анткени бул топтун ырларын, кайталангыс чыгармачылыгын көп музыканттар угуп чоңойгон. Театрдын 10-сезонунда боло турган бул иш-чара искусство сүйүүчүлөр коомчулугу үчүн чоң белек болмокчу.

Мааракелик сезондун пардасы гала-балет менен жабылат. Анда мыкты классикалык чыгармалар заманбап бий шайкештендирилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков