Жамбыл облусунда
өлкөдөгү ири металлургиялык заводдун курулушу башталды. Иш сапарынын алкагында
Премьер-Министр толук циклди комплекстүү ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Жалпы суммасы 1,2 миллиард долларды түзгөн масштабдуу долбоорду кытайлык компания
каржылаган. Өндүрүштө экологиялык таза түз калыбына келтирүү технологиясы
колдонулат. 2027-жылы ишке киргизүү мерчемделип жаткан ишкананын жылдык
кубаттуулугу алгач 1 миллион тоннаны түзөт, ал эми 2029-жылга чейин бул
көрсөткүчтү үч эсеге көбөйтүү пландалууда. Өкмөт башчы ошондой эле 3 млн
тоннага чейинки жүгөрүнү терең кайра иштетүүчү өндүрүштүк очоктун курулушунун башталышына
барды. Бул долбоорду да КЭРнын инвестору колго алган. Өнөр жай комплексинин
курамына крахмал заводу жана үч биоферментациялык ишкана кирет. Негизги
объектилерди пайдаланууга берүү 2026-жылга каралган.
Ержан Елекеев, «KAZAKH INVEST» УК» башкарма төрагасы:
- Үч-төрт жылдын ичинде
жалпы инвестиция көлөмү 1 миллиард доллардан ашат. Ал эми миңге жакын адам
туруктуу жумуш менен камсыз болот. Казакстандан өндүрүлгөн өнүм Кытай, Арабам
мамлекеттерине жана Европа өлкөлөрүнө сатылат деп көздөлүп жатат.
Бул кош инвестициялык
долбоор «Жибек Жолу» атайын экономикалык аймагында ишке ашырылууда. Жалпысынан
18 катышуучу бар. Негизинен химия, өндүрүш, унаа жасоо, энергетика сыяктуу
тармактардагы ири өндүрүш борборлору болуп саналат. Көбү экспортко багытталган.
Абилхайыр Тамабек,
Жамбыл облусу акиминин орун басары:
- Азыркы тапта 9
заводдун курулушу жүрүп жатат. Жалпы баасы болжол менен 1 триллион теңге. Өткөн
жылы 15 миллиард теңге инвестиция салынса, бул экономикалык аймакка быйыл 10
эсе ашыра аткарып, 150 миллиард теңге инвестиция салууну пландап жатабыз.
Бүгүнкү күндө бардыгы болуп 82 долбоор 3 жылга, башкача айтканда 25-28 жылдарга
пландаштырылган. Жалпы баасы 3,6 триллион теңгени түзөт. Анын ичинде жалпы
наркы 50 миллиард теңгеден ашкан ири долбоорлордун тобу бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

