Жалпы улуттук экинчи курултай

Жалпы улуттук экинчи курултай

Ал “Социалдык консолидация” жана “Маданий-руханий өнүгүү”, “Билим берүү жана илим” деп үч секцияга бөлүндү. Диалогдук аянтчанын биринчи күнүндө иш-чаранын катышуучулары жарандык коомду өнүктүрүү, этностор аралык биримдикти чыңдоо, аймактардагы коомдук кеңештердин ролун талкуулашты. Мунун баары эл менен аткаруу бийлигинин ортосундагы кандайдыр бир көпүрө деп эсептешет жалпы улуттук курултайдын мүчөлөрү.

Ерлан Саиров, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бул Түркестан түрк дүйнөсүнүн, дүйнө элдеринин кызматташтыгынын, руханий бийиктигинин бир көрүнүшү. Ошондуктан курултайдын эң негизги идеясы улуттук-мамлекеттик консенсус болуп саналат.

Ахмет Мурадов, Президент алдындагы улуттук курултайдын мүчөсү:

- Курултайдын маңызы – жашоодо антагонисттик карама-каршылыктар болушу мүмкүн, бирок мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн адамдардын биримдиги болууга тийиш. Фондго катышкан ар бир адамдын дарамети пайдаланылышы керек. Курултайга мүчө болуу ар бирибиз үчүн жооптуу иш. Чоң моралдык жоопкерчилик деп ойлойм. Бул абдан маанилүү.

Ошондой эле адистер жарандарга нотариустарды, адвокаттарды жана сот аткаруучуларды тартуу менен коомдук кеңештерди уюштуруу тажрыйбасын кайра баштоону сунушташты. Мындан тышкары, баяндамачылар айыл жериндеги музейлердин, маданият үйлөрүнүн, китепканалардын иштерине токтолуп, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл тармакты өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз кылышты.

Дихан Камзабек, «Эгемен Казакстан» ЖЧКсынын башкы мүдүрү:

- Бийлик менен коом бири-бирине каршы эмес тескерисинче кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө тийиш. Албетте, сын болушу керек, башкача айтканда конструктивдүү сын болушу кажет.

Бану Нургазиева, Казакстан жарандык альянсынын президенти:

- Биз өз алдыбызга адилеттүү Казакстанды түзүүнү максат кылып койдук. Бул биринчиден адамга карата адилет мамиле. Бул биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн бирдей мүмкүнчүлүк. Анан, албетте, байлыкты жана ресурстарды адилет бөлүштүрүү. Ал үчүн коррупцияны жок кылышыбыз керек. Кийинки маанилүү кадам мамлекет менен коом өнөктөш болушу керек. Бул ийгиликтин ачкычы.

Белгилей кетсек, биринчи жолугушуудан кийин Egov базасында түзүлгөн Quryltai мобилдик тиркемеси ишке киргизилген. Бул аянтчада казакстандыктар коомдун түрдүү маселелери боюнча өз ойлорун, сунуштарын жөнөтө алышат. Буга чейин 400дөн ашык сунуш түшкөн. Ошондой эле социалдык тармактарда Улуттук фонддун расмий сайты жана аккаунттары ачылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков