Улуттук гвардия жоокерлери согуш ардагерине урмат-сый көрсөттү

Улуттук гвардия жоокерлери согуш ардагерине урмат-сый көрсөттү

Петропавл шаарында Улуттук гвардия Академиясынын курсанттары жана жоокерлери согуштун ардагери Федор Щегловду Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттукташты. Аскер кызматкерлери аскердик оркестрдин коштоосунда 98 жаштагы ардагердин үйүнүн алдына тизилип, басып өтүштү. Бул иш-чараны курсанттар жана жоокерлер өздөрү демилгелешти. Ардагер жаш жоокерлерге согуш жылдарын айтып берди. Федор Щеглов Кёнигсбергдеги согушка катышкан. Ал Палау аралында атайын операцияларда жана жортуулдарда эрдик көрсөткөн. Күжүрмөн эрдиктери үчүн ардагер Ата Мекендик Согуш ордени жана «Жапонияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган.


Федор Щеглов, согуш ардагери:

- Урмат-сый жана камкордук көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазымын. Баарыңарга чоң рахмат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков