Байтерек комплексинен алгачкы учуу келерки жылдын соңуна мерчемделген

Байтерек комплексинен алгачкы учуу келерки жылдын соңуна мерчемделген

Казакстандын Байтерек космос комплексинен ракетанын алгачкы учурулуусу 2023-жылдын бештин айына мерчемделген. Бул тууралуу Роскосмостун башкы мүдүрү Дмитрий Рогозин билдирди. Долбоорго ылайык бардык зарыл болгон документтер бекитилди. Казакстан Зенит-М космостук ракета комплексин модернизациялоо аркылуу жер үстүндөгү инфраструктураны түзүүгө жооп берет. Ал эми Орусия ошол жерден учурууну көздөп жаткан ташуучу ракеталарды иштеп чыгууда. Ал үчүн 855 миллион доллар сарптамакчы. Эске сала кетсек, Казакстан менен Орусия Байтерек космостук ракета комплексин куруу боюнча келишимге былтыр тогуздун айында кол коюшкан. Ал «Союз-5» ракетасынын учурулушун жана анын экологиялык коопсуздугунун жогорку денгээлин камсыз кылууга тийиш.

Дмитрий Рогозин, «Роскосмос» МК Башкы мүдүрү:

- Иштерди учурулууга үч ай калганда, башкача айтканда, 2023-жылдын баш оона айына чейин бүтүрүү керек. Убакыт абдан тар. Бардык иштерди бүтүргөнгө бир жарым жыл гана калды. Анткени, биз бардык технологиялык сыноолорду жер бетинде өткөрүп, 2023-жылдын бештин айында биринчи ракетаны учурушубуз керек. Бул жүктү албайт, бүт системаны текшерүү үчүн үч өлчөмдүү модель гана жүктөлөт. Ошондон кийин биз космостук аппараттарды учура баштайбыз деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков