Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору макамы Түркестандын өнүгүшүнө жаңы дем берет. Мындай кадам туристтик агымдын көбөйүшүнө алып келет, дешет адистер. Ага карабай, руханий жана маданий борборго саякатчылардын саны азыртадан эле өсүп жатат. Ал акыркы 3 жылда 25%га өскөн. Бул чек эмес, дешет Түркестандагы туристтик форумга катышкан түрк мамлекеттеринин өкүлдөрү. Бул жерде казак тарап бир катар демилгелер менен чыкты. Тактап айтканда, аба каттамдарын кеңейтүү жана Жибек Жолу боюнча жаңы туристтик багыттарды өнүктүрүү, ЖОЖдор арасында Марафондор Альянсын жана Университеттер Лигасын түзүү сунушталды. Аларды ишке ашыруу түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин ортосундагы тыгыз байланыш жана маданий өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.
Эрсин Айдоган,
Түрк мамлекеттер уюму долбоорунун жетекчиси:
- Шаардын
берметине айланган Кожа Ахмет Ясауинин күмбөзү жана башка байыркы имараттар
Түркестанга келген туристтердин кызыгуусун арттырары талашсыз. Келечекте Түркестан
өлкөбүздүн гана эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болоруна терең
ишенебиз.
Дархан
Сатыбалды, Түркестан облусунун акими:
- Туризм
тармагына 356 миллиард теңге инвестиция тартылды. Бул жерде Түркестандын үлүшү
275 миллиард. Ал эми шаарыбызга келген туристтердин саны миллионго жетти.
Белгилей кетсек, Түркестан жана аймакка келген туристтерди тарыхый, маданий эстеликтер кызыктырат, алардын негизгиси Кожа Ахмет Ясауинин күмбөзү. Ошондой эле, өзгөчө корголуучу жаратылыш коруктары. Жыл башынан бери эле улуттук парктарга жана коруктарга 115 миң саякатчы келген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков