Түркестан шаарын өнүктүрүүгө 1 триллион теңге жумшалат. Долбоорлорду ишке ашыруу шаарды өнүктүрүүнүн комплекстүү планында каралган. Бул иштер 2025-жылга чейин төрт багыт боюнча жүргүзүлөрү пландалууда. Биринчиси - аэропорттун аймагы, бул жерде 12 долбоор ишке ашат. Анда мейманкана, бакча, теплица, бордоп семиртүүчү комплекс, сүт-товар фермасы курулат. Андан ары административдик-ишкердик борбордун курулушу башталат. Бул жерде 57 долбоор каралып жатат. Тактап айтканда, муз ордосун жана ат спорт комплексин куруу колго алынат.
Көркемжан Эшметов, «Жашыл Түркестан» КММсынын мүдүрү:
30 парк, 29 жашыл мейкиндик, жалпы 248 объект. Былтыр газон аянты 300 гектар болсо, быйыл 524 гектарга жетти. Бир адамга 200 чарчы метр. Бул парктардын саны Европалык деңгээлге жетти. Күзүндө 130 миң түп көчөт, жазында 200 миң түп көчөт отургузабыз. Газондордун санын көбөйтүп, аларга кызмат көрсөткөн мекемелердин сапатын жогорулатуу мерчемделүүдө.
Ошондой эле, Күлтөбе конушундагы тарыхый объектилерди калыбына келтирүү, «Азирет Султан» корук-музейинин аймагын көрктөндүрүү пландалууда. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Түркестанга 1 миллион 300 миң зыяратчы жана турист келген.
Нурбол Турашбеков, Түркестан шаарынын акими:
Анын басымдуу бөлүгү ички туризмди өнүктүрүүдө. Бул багыттагы иштерди дагы күчөтөбүз. Мындан тышкары, аэропорттун жанында Шага жана Ескек кайык каналдары бар. Биз да колдонобуз. Мунун баары спортко, туризмге оң таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков