АЭКБ Укук академиясы: дүйнөлүк сот тажрыйбасын өздөштүрүү

АЭКБ Укук академиясы: дүйнөлүк сот тажрыйбасын өздөштүрүү

Онлайн дарстар, окутуу семинарлары, эл аралык тажрыйба, күбөлөндүрүлгөн юридикалык программалар жана акысыз консультациялар.

Жыл сайын АЭКБ Укук Академиясынын билим берүү платформасынын негизинде алдыңкы эл аралык өнөктөштөр казакстандык жана Борбор Азиядагы адистер менен тажрыйба алмашышат. Алардын арасында белгилүү юридикалык компаниялар жана адвокаттык палаталар бар.

Мындай кызматташтык аркасында бир күн мурун борбор калаада казакстандык судьялардын квалификациясын жогорулатууга багытталган уникалдуу программа ишке кошулду. Ошондой эле, уникалдуу окутуу долбоорунун алкагында, сот администрациясы менен ишти башкарууга байланыштуу ар кандай эл аралык программалар жеткиликтүү болуп калды. Жыл башынан бери АЭКБ Укук Академиясы 15тен ашуун онлайн семинар уюштурду. Анда беш жүздөн ашуун студенттер, юристтер жана ишкер-адистер билим алышты.

Дэвид Галло, АЭКБ Укук Академиясынын мүдүрү:

- Укук академиянын миссиясы - эл аралык деңгээлде юридикалык билим берүү менен эл аралык коммерциялык укук тажрыйбасы боюнча юристтерди окутуу. Ошондуктан, кардарларыбызга ар тараптуу билим берүү үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги мекемелер менен иштешүү биз үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө биз 10дон ашык сертификаттоо программасын уюштурдук. Бардыгы алдыңкы эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулган: Ошондой эле, биз эл аралык деңгээлде таанылган сертификаттарды берүү боюнча дагы башка глобалдык институттар менен иштешебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков